• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто күндүзгү стационарларда 1,4 миңден ашуун орундук даярдалды – облус жетекчиси

Аймак 0

Бишкек, 10.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош облусунда күндүзгү стационарларда 1 миң 406 орундук даярдалды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, облуста коронавирусту жалпы 634 жаран жуктурган. Анын 119у дарыланууда, 169у үй изоляциясында болсо, 348и оорудан айыкты. Ал эми илдеттен 14 жаран каза болду.

“8-июлда облустук штабда жыйын болуп, облустар аралык коомдук транспорттордун иштөөсүнө тыюу салынды. Дары-дармектердин баасынын жогорулоосу боюнча Финпол жана Монополияга каршы күрөшүү кызматына тапшырма бердик. Ошондой эле казыят менен кеңешип, жума намазды токтотуу чечими кабыл алынды”, - дейт ал.

Жылкыбаев учурда күндүзгү стационарларда 600 орун бош экендигин айтат.

Пикир

Оставить комментарий