Ошто көрүүсү начар балдар китептер жана окуу куралдары менен камсыз болду

Коом 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Ош шаарында көзү азиз жана көрүүсү начар балдар жаңы китептер жана окуу куралдары менен камсыздалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуу куралдары Ош шаарындагы "Русская лампада" кайрымдуулук фонду жана "Орус үйү" коомдук фонду тарабынан берилди.

Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын, Россиянын Башкы консулдугунун жана "Орус үйүнүн" өкүлдөрү катышты.

Билим берүү мекемеси физика, биология, химия, география сабактарында практикалык жана лабораториялык иштерди жүргүзүү, башталгыч класстарда Брайль ыкмасы менен жазуу жана окуунун негиздерин үйрөтүү үчүн жалпысы болуп, 59дан ашык ар түрдүү окуу куралдары менен толукталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп-интернаттын окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий