• 85.8
  • 93.2
  • 0.88

Ошто көрнөк-жарнактарды мыйзамга ылайык келтирүү боюнча көзөмөл күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Ошто көрнөк-жарнактарды мыйзамга ылайык келтирүү боюнча көзөмөл күчөтүлөт.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы, Ош шаарынын көчөлөрүндө илинген көрнөк-жарнактар жана иш кагаздарын туура жүргүзүү боюнча жыйын болуп өттү.

Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров шаардагы иретсиз илинген көрнөк-жарнактарды мыйзамдын талабына ылайык келтирүү иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканаларга катуу тапшырмаларды берди.

1. Менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан Ош шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларда, бала бакчаларда, орто мектептерде жана жогорку окуу жайларда мындан ары өткөрүлө турган жыйындар мамлекеттик тилде өткөрүлсүн жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде милдеттүү түрдө жүргүзүү күчөтүлсүн.

2. Ош шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалар буйруктарды чыгарууда жана иш кагаздарын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын негизинде иш алып барсын.

3. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жана мамлекеттик тил боюнча комиссиясы көрнөк-жарнактарды “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” жана “Жарнама жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү боюнча рейддерди жүргүзсүн.

Пикир

Оставить комментарий