• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын кеңешмеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев облустун мекеме ишканаларын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча облустук штабдын жыйынын өткөрдү.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйындын жүрүшүндө бюджеттик мекемелерди жана калкты көмүр менен камсыз кылуу, ошондой эле энергетикалык объектилердин жылытуу мезгилине даярдыгы боюнча маселелер каралды.

Облус башчысы энергетикалык объектилердин калкты жана экономика тармактарын электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуусу үчүн техникалык жактан толук даярдыгынын маанилүүлүгүн белгилеп, бир катар тапшырмаларды берди.

  • Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык жана маданият мекемелерин жылуулук тармактарын жылытуу мезгили башталганга чейин толук даярдык иштерин бүтүрүү;
  • 1-октябрга чейин бюджеттик мекемелерди жетиштүү көлөмдө көмүр менен камсыз кылуу;
  • Облус тургундарын көмүр менен камсыздоо пландарын аткарып, арзан бааны кармап туруу;
  • Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүр кампаларындагы жана аны сатуучу жерлердеги көмүрдүн баасына көзөмөлдү күчөтүү.

Облус жетекчиси жыйынды жыйынтыктап, тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилерине күз-кыш мезгилине жетишээрлик деңгээлде даярдык көрүлбөгөн учурда көрүлүүчү чаралар тууралуу эскертти.

Жыйынга райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, облустук мекеме ишканалардын жетекчилери жана көмүр казуучу компаниялардын жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий