• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ошто калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 30.11.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Координациялык комиссиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жыйындын күн тартибинде Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларын акысыз шашке чай жана ысык тамак менен камсыз кылуу, сапаты, мектеп ашканаларынын санитардык абалы жөнүндө маселелер каралды.

Ошондой эле мектептерге коюлган санитардык-эпидемиялогиялык талаптардын аткарылышы боюнча атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча маалыматтар берилип, айрым кемчилдиктерди четтетүү, окуучуларга арналган тамак-аштардын сапатына көзөмөлдү күчөтүү боюнча сунуштар айтылды.

Соңунда жыйында талкууланган маселелердин негизинде Координациялык комиссиянын протоколдук чечимдерин өз убагында, толугу менен кынтыксыз аткаруу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий