Бишкек, 24.11.24. /Кабар/. Ошто канализация казып жатып, топурактын астында калган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бүгүн ӨКМдин 112 кызматына Ош шаарындагы Амир Темур кичи районунун канализация өтүүчү жерди казып жатканда 2006-жылы туулган А.Н. аттуу (эркек киши) жаранды топурак басып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн
Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылган. Алар жабыркаган жаранга аба баллонун кийгизип, топурак астынан атайы шаймандардын жардамы менен чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.
Дарыгерлердин айтымында абалы орто.
Пикир
Оставить комментарий