Ошто кесиптик майрамына карата финансы жана экономика кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын финансы жана экономика кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, Финансы министрлигинин Ош башкармалыгынын жамааты, мекеме-ишканалардын эсепчилери катышышты.

Марс Исаев мамлекетинин тарыхынын кайсыл гана мезгилин албайлы экономист менен финансистер өлкөнүн экономикалык-социалдык өнүгүшүнө кошкон салымы эбегейсиз экендигин баса белгиледи.

Мамлекеттин, анын ичинде Ош шаарынын экономика жана финансы тармагынын калыптанышына өздөрүнүн татыктуу салымын кошкон бир нече экономистер, финансисттер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана Ыраазычылык баракчалары менен сыйланды.

Ошондой эле Ош шаардык Кенешинин атынан да бир топ эсепчилер Ардак грамота менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий