Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Ошто коменданттык саат учурунда көчөдө жүргөн 7 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.
Анын айтымында, учурда коомдук-саясий абал туруктуу.
"Коменданттык саатты бузгандар райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жана комендатурага алынып келинип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 7 жарандын экөө мас абалында кармалды. Калган 5 жаранга эскертүү берилди", - дейт ал.
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.
Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.
Пикир
Оставить комментарий