Ошто конфессиялар жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 24.07.22. /Кабар/. Ошто “Биримдик жана ынтымак – бакубаттуулук” деген темада жыйын өттү, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн башчысы Балтагул Нурунбетов, муфтийдин орун басары Самидин Атабаев, Ош шаарынын казысы Мурзакул Осмонов, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, дин ишмерлери, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, МАБ башчылары жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Вице-мэр өз сөзүндө этностор аралык ынтымакты чыңдоодогу иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.

“Бүгүнкү иш-чара президенттин “Кыргыз Республикасынын 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө”, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө. Жогорудагы жарлыктардын аткарылышын коомчулукка туура жеткирүүдө диний жана коомдук ишмерлердин негизги ролун белгилеп, мындан ары да бул мамилелерди өнүктүрүүдө биргелешип иш алып барарыбызга ишеним билдирем”, - деп белгиледи Рыскулова.

Иш-чаранын алкагында конфессиялар жана этностор аралык мамилелерди өнүктүрүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнө, коррупцияга каршы туруу, такталбаган маалыматтарды таратуу үчүн жоопкерчилик маселелери каралды.

Пикир

Оставить комментарий