• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Ошто Коргоо министрлигинин мекчиктештирилип кеткен жери кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Ош мэриясы тарабынан жеке менчикке берилип кеткен Коргоо министрлигинин жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлдү. Натыйжада Ош шаарында жайгашкан Коргоо министрлигине караштуу жалпы 0,35 га жер тилкеси мэрия тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен административдик доо келтирилип, сот органдары тарабынан доо толугу менен канааттандырылып, Ош мэриясынын мыйзамсыз чечимдери жана “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын мамлекеттик актылары жокко чыгарылган.

Сот органдарынын чечимдери күчүнө киргенден кийин Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан келтирилген прокурордук чара көрүү актынын негизинде 25 млн164 миӊ сомго бааланган жер тилке толугу менен мамлекеттик баланска алынды.

Пикир

Оставить комментарий