Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясы коронавирус илдетин жугузуп алган бейтаптарды карап жаткан 30 дарыгердин үй-бүлөсүнө азык-түлүк жеткирди.
Ош шаарынын мэриясынан билдиришкендей, калаа башчысы Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы менен үйүнө барбай изоляторлордо иштеп жаткан дарыгерлердин үй-бүлөсүнө 1 каптан ун жана азык-түлүк берилген.
"Мэр изолятордогу дарыгерлердин өкүлү менен байланышып, дарыгерлерге ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий