• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ошто коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңештин жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаардык прокуратурасында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаарынын прокурору Бакытбек Сыдыгалиев, укук коргоо, фискалдык, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде Координациялык кеңештин "Ош шаарынын ишкердик субъекттеринин ишмердигине жүргүзүлүп жаткан текшерүүлөр боюнча мыйзам бузуулардын жана коррупциялык схемалардын алдын алуу жана бөгөт коюу жолдору жөнүндө" жана "Укук бузуулардын бирдиктүү реестринде каттоодо пайда болгон укук бузуулар менен коррупциялык схемалардын алдын алуу жана бөгөт коюунун жолдору жөнүндө" токтомунун аткарылышы каралды.

Жыйынтыгында тиешелүү мекемелердин кызмат адамдары тарабынан ишкерлердик субъекттеринин ишмердүүлүгүнө жана "укук бузуулардын бирдиктүү реестрине" катталган иштеринин мыйзамдуулугуна укуктук баа берүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий