• 86.8
  • 91.06
  • 0.82

Ош шаарында ок атуучу курал сатууга аракет кылган аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Ош шаарында курал сатууга аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-майда Ош шаардык милициясынын Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Ош шаарынын аймагында "Н" аттуу жаран белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралды сатуу максатында мыйзамсыз сактап жүргөндүгү белгилүү болгон.

Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында анын өздүгү аныкталып, ал 1963-жылы туулган С.Н. экендиги жана белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралды сатуу максатында кардар издеп жүргөндүгү белгилүү болгон.

Жогорудагы факты КР Кылмыш кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгүнүн белгилери менен Ош ШИИБине катталып, кылмыш иши козголгон.

Шектүү ок атуучу 5.6 мм калибрдеги “ТОЗ-16” үлгүсүндөгү сайлуу мылтыкты 90 миӊге баалап, сатып жаткан учурда кармалды.

Кармалган аял ок атуучу курал маркум атасынан калгандыгын жана акча зарыл болгондуктан сатуу ниети пайда болгондугун билдирди.

Алынган ок атуучу куралга соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалып, кылмыштын жагдайларын ар тараптуу изилдөөгө жана курал ээсинин бул кылмышка катышын текшерүүгө багытталган ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий