• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Ошто курулуш компанияларына 10 миллион сом айып салынды - тизме

Коом 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Ош шаарында бир катар курулуш компанияларына 10 миллион сом айып салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Ош шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы тарабынан курулуш объектилериндеги коопсуздук талаптарын жана курулуш нормаларын бузгандыгы үчүн төмөнкү курулуш уюмдарына Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесине ылайык, салынган айыптын жалпы суммасы 10 млн сомду түздү.

Тизме:

  1. «Модерин Стиль»,
  2. «Амантур»,
  3. «Капитал Строй Инвест ЛТД»,
  4. «Альшараф»,
  5. «Абраж Резиденс»,
  6. «Стандарт Хаус»,
  7. «Эл Насип»,
  8. «Байкал Групп»,
  9. «Сулайман Групп»,
  10. «Бийиктик Курулуш»,
  11. «Илбирс»,
  12. «Имарат Стиль»,
  13. «Бизнес Хаус КГ»,
  14. «Зеромакс»,
  15. «Стандарт Строй ЛТД»,
  16. «Карагай Курулуш»,
  17. «Элит Строй Сити»,
  18. «Гарант Строй ЛТД»,
  19. «Ошстрой Компании»,
  20. «Эстет Строй»,
  21. «Алихан Строй»,
  22. «Ясин Курулуш»,
  23. «Нурзаман Групп»,
  24. «Артвин».

Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча тапшырмалар берилди.

Аталган башкармалык курулуш нормаларынын жана коопсуздук эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө менен курулуш объектилеринде авариялардын алдын алуу боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий