• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Ошто куруучусу каза болгон курулуш компаниянын лицензиясы токтотулду

Коом 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Ошто куруучусу каза болгон курулуш компаниянын лицензиясы токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, 9-октябрдагы лицензиялоо жана мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо чөйрөсүндөгү бузууларды кароо боюнча комиссиянын отуруму өттү. Анда курулуш учурунда коопсуздук техникасынын талаптарын бузууларга карата укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин маалында “Артвин групп Кейджи” ЖЧКсынын лицензиясынын колдонулушун токтото туруу чечими кабыл алынды.

Мындай чечим Ош шаарындагы Шамшиев көчөсү-1 дарегинде курулуп жаткан турак үйдөн компаниянын кызматкеринин кулап, кырсык өлүм менен аяктагандыгы себеп болду.

Пикир

Оставить комментарий