Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Ош шаардык Куткаруу кызматынын кызматкерлери бекилип калган батирдин эшиги ачып беришти, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, СМУТТ районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жаран батирине кире албай калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Батирдин ичинде 5 жашар кыз болгон, бирок ал эшикти өз алдынча ача алгман эмес.
Жеринде келген куткаруучулар тобу бекилип калган эшикти атайын шаймандар менен ачып, баланы чоң энесине өткөрүп беришкен. Бала медициналык жардамга муктаж эмес.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары баланын жакындары менен профилактикалык баарлашуу өткөрүп, баланы кароосуз калтырбоого чакырышты.
Пикир
Оставить комментарий