• 87
  • 91.26
  • 0.84

Ошто куткаруучулар үчүн спорт аянтча ачылды

0


Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Күн мурун Ошто ӨКМдин республикалык Өзүнчө куткаруу отрядынын өздүк курамы үчүн заманбап воркаут аянтчасынын ачылышы болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага ӨКМ министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, отряддын командири Мырза Эргешов жана өздүк курамдын өкүлдөрү катышты.

Белгиленгендей, министрдин биринчи орун басары өз сөзүндө өздүк курамды сергек жашоого чакырып, жаңы спорттук аянтчанын ачылышы менен куттуктады.

Мамбетов аталган демилге кызматкерлердин физикалык даярдыгын жакшыртып, ден соолугун чыңдоого багытталганын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, спорттук аянтчанын жалпы аянты 250 м²ди түзүп, жасалма газон менен жабдылган. Аянтчанын жалпы баасы 900 000 сомду түздү.

"Министрлик келечекте дагы ушундай демилгелерди ишке ашыруу менен кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү улантат",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий