Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн аппаратынын чоң жыйындар залында Кыргыз прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Салтанаттуу иш-чарага президенттин өкүлү Элчибек Жантаев, сот, күч түзүмдөрүнүн, юстиция кызматтарынын жетекчилери, облустук прокуратура органдарынын ардагерлери жана кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын алкагында Ош облусунун башчысы прокуратура кызматкерлерин 100 жылдык маарекеси менен куттуктап, Жалал Добрановго "Прокуратуранын ардактуу кызматкери" жана Азимжан Мойдуновго "Ош облусунун ардактуу атуулу" наамын ыйгарды. Ошондой эле ишинде өзгөчөлөнгөн бир катар кызматкерлер Ардак грамоталар менен сыйланышты.
Пикир
Оставить комментарий