• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто Кыргызстан айым-режиссёрлорунун V кинофорумунун ачылыш аземи өттү

Маданият 0

Бишкек, 11.05.23./Кабар/. Ош шаарында бүгүн Кыргызстан айым-режиссёрлорунун V кинофорумунун ачылыш аземи болуп өттү.

Быйылкы кинофорум советтик кыргыз режиссер айымы Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арналат.

Анын алкагында Лиля Турусбекова тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, Түркиядан, Кореядан жана Казакстандан келген кинематографисттер тарабынан мастер-класстар өткөрүлдү.

Иш-чаранын экинчи күнүндө, 12-майда “Семетей” кинотеатрында кинофорумдун 14 катышуучусунун тасмалары көрсөтүлүп, талкуулар уюштурулат.

Ошондой эле айым-режиссёрлор көрүүчүлөр менен жолугушат. 13-майда кинофорум салтанаттуу түрдө жабылат.

14-май күнү “Семетей” кинотеатрында режиссёр Жаңыл Жусупжандын “Үркөр, үркөр, үч жылдыз, үркүп кайда барасың” аттуу даректүү тасмасынын бетачары болот.

Даректүү тасма Кыргызстан менен Франциянын орток өндүрүшүнүн негизинде тартылган. Кинофорумдун жүрүшүндө Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген 14 аял режиссёрлук кылган кыска метраждуу, даректүү жана көркөм тасмалары көрсөтүлмөкчү.

Мындан сырткары, Корея Республикасы, Түркия жана Казакстандын адистери менен семинарларды, ата мекендик кинорежиссерлордун катышуусунда талкууларды өткөрүү пландалууда. Белгилей кетсек, V Кинофорум Швейцария өкмөтүнүн, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин каржылык колдоосу, Ош мамлекеттик университетинин жана Ош шаардык мэриясынын көмөгү менен өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий