• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

Ошто Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан 5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш-чара өттү.

Муницпалитеттен билдиришкендей, иш-чарада атайын техникалардын жүрүшү болуп, куткаруу, өрт өчүрүү, тартипти сактоо, милиция, тез жардам кызматтарынын өзгөчө кырдаал учурунда ыкчам түрдө кырдаалдан чыгып кетүү боюнча практикалык күч-аракеттери көрсөтүлдү.

Ошондой эле Ош шаарынын аймагында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча өткөрүлгөн иш-чарага активдүү катышып, алдына коюлган тапшырмаларды сапаттуу аткарып, даярдыгын жогорку денгээлде көрсөткөндөргө диплом жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Мындан сырткары, "Жаш куткаруучу" аталышындагы сынакка катышкан окуучулардын сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, Ош шаардык маданият башкармалыгы, “Келечек” балдар чыгармачылык борбору тарабынан концерттик программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий