Ошто кырсыктардын тобокелин азайтууга арналган салтанаттуу иш-чара болду

Коом 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 2-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында "5-октябрь - Кыргыз Республикасындагы кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө" арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов, КРнын ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын өздүк курамы, шаардык Жарандык коргонуу кызматтары, жогорку окуу жайлардын студенттери жана жергиликтүү катышты.

“Мындай иш-чаралардын негизги максаты табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардан коргонуунун жүрүм-турум эрежелерин калк арасында кеңири жайылтуу, кырсыктардын тобокелин азайтуу, коомчулукка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепетин жоюу багытындагы иш- аракеттерди кеңири жайылтуу болуп саналат”, - деди биринчи вице-мэр С.Турдуев.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы салтанатты ачып жатып, республикабыздын аймагында бир айдан бери өткөрүлүп жаткан иш- чаралардын маанилүүлүгүнө токтолду.

"Кырсыктардын тобокелин азайтуу айлыгын белгилөө менен республикабыздын аймагында болуп кетүүчү табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктардын тобокелин азайтабыз деген ишеничтемин. Себеби кырсыктардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү жана калкты бөөдө кырсыктардан оолак болуп, кырсык учурунда өзүн өзү алып жүрүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү кырсыктардын коркунучун азайтуунун негизги багыттарынан болуп саналат”, - деди А. Мамбетов.

Иш-чаранын жүрүшүндө, чогулган элге КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары, Ош шаардык Жарандык коргонуу кызматынын медицина кызматы менен биргеликте жер титирөөдөн жабыркаган имаратта жабырлануучуларды эвакуациялоо жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү иш жүзүндө көрсөтүп беришти.

Ошондой эле, Ош ШИИБнын өздүк курамы шаар аймагында терракт коркунучунун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча, ал эми КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын №12 Өрткө каршы кызматынын өздүк курамы өрт өчүрүүчүлөрдүн өрт чыккан учурдагы өрттү өчүрүү жана жабырлануучуларды куткаруу боюнча практикалык иш-чараларды көрсөтүштү.

Мындан сырткары, шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан спорттун түрлөрүнөн, Куткаруу отраядынын куткаруучулары тарабынан кол менен мушташ ыкмалары көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий