• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ош шаарында маданият кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү. Бул туралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык кеңештин депутаты Шахназар Бакир уулу , маданият кызматкерлери катышты.

Венера Рыскулова эл аралык маданий иш-чараларды мыкты деңгээлде өткөрүүдө маданият кызматкерлеринин эмгеги эбегейсиз экендигин белгилеп, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан кесиптик майрамдары менен куттуктады.

“Маданият кызматкерлери өз өнөрлөрү менен элдин сүймөнчүгү гана болбостон мамлекеттин элчиси болушат. Ош шаарында, өлкөдө өтүп жаткан маданий иш-чараларда шаарда эмгектенип жаткан маданият кызматкерлери намысты алдырбай, патриотуулук менен кызмат кылып келе жатышат. Ош шаарынын мэриясы жасалып жаткан иш аракеттерди көмүскөгө калтырбай ар тараптан колдоп келе бермекчи. Маданият кызматкерлеринин кылган кызматы өзгөчө мактоого арзыйт”, - деди вице-мэр.

Салтанаттын жүрүшүндө, маданияттын өсүп-өнүшүнө, элге ак ниет менен эмгек кылып өзгөчөлөнгөн 30дан ашуун маданият кызматкерлерине Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, белектери жана акчалай сыйлыктары тапшырылды

Ошондой эле шаардык кеңештин жана маданият башкармалыгынын да Ардак грамоталары жана белектери берилди.

Пикир

Оставить комментарий