• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ошто майыптыгы бар адамдардын арасында спорттук мелдештер өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Ош шаарында майыптыгы бар адамдардын арасында шахмат, шашки, футбол, аркан тартыш боюнча мелдештер өттү.

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ага Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын азиздер жана дүлөйлөр коомунун өкүлдөрү катышты.

Мелдештин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, аталган мелдештер жыл сайын уюштурулуп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды колдоо, дене тарбия жана спортко тартуу, спорттук иш-чаралар аркылуу алардын маанайын көтөрүү максатында өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий