• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Ошто Мамыров көчөсүндөгү базарды шаардын сыртына көчүрүү пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Ошто Мамыров көчөсүндөгү базарды шаардын сыртына көчүрүү пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев жана муниципалдык менчик башкармалыгынын, аймактык башкармалыктын өкүлдөрү аталган көчөдөгү курулуш материалдары жана унаа тетиктер базарын жылдыруу боюнча соодагерлер менен жыйын өткөрдү.

Мында эки ай аралыгында базарлар шаар сыртына чыгарылары айтылып, кагаз жүзүндө эскертүүлөрдү берди. Бул иштер шаар ичиндеги унаа тыгындары жоюу жана инфраструктураны жакшыртуу максатында жасалууда.

Эске салсак, ушул жылдын 24-июлунда Ош шаардык кеңеши шаар ичиндеги тамак-аш, курулуш, кийим-кечээ, жайма базарларды сыртка чыгаруу боюнча токтом кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий