• 87
  • 90.64
  • 0.85

Ошто математика жана так илимдердин жумалыгы башталды

Аймак 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Бүгүн Ош мамлекеттик университетинде “Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү мектептердин 9-11-класстарынын окуучулары үчүн орус тилинде жана предметтик мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу” жумалыгы башталды.

Иш-чаранын ачылышына Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов, Ош шаарындагы Орус үйүнүн жетекчиси Дмитрий Аврам, ОшМУнун илим жана инновациялар боюнча проректору Русланбек Арапбаев, Түндүк Кавказ Федералдык университетинин окуу иштери боюнча проректору Василий Иванов, Түндүк Кавказ Федералдык университетинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн өкүлү, долбоордун жетекчиси Ольга Любимова катышты.

Иш-чаранын алкагында мектеп окуучулары жана предметтик мугалимдер арасында санариптик технологияларды, заманбап окутуу механизмдерин колдонуу ыкмалары боюнча иш алып баруу болжолдонууда.

Билим жумалыгына Кыргызстандын түштүгүндөгү мектептердин 9-11-класстарынын 300дөн ашуун окуучусу жана 170тен ашуун физика, информатика, математика мугалимдери катышууда. Мындай иш-чара Жалал-Абад, Кызыл-Кыя шаарыларында дагы өткөрүлөт.

Аталган долбоор Роскызматташтыгынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн, Түндүк Кавказ Федералдык университетинин, Ош шаарындагы Орус үйүнүн жана Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий