Ошто медицинадагы жаңы жетишкендиктер “MedExpo Yug 2018” Эл аралык көргөзмөсүндө көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда Ош шаарынын С.Ибраимов атындагы Улуттук драма театрында “MedExpo Yug 2018” 3- Эл аралык көргөзмөсү башталды.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Махаммадов, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздандыруу департаментинин директору Гүлмира Шакирова, “BiEXPO” көргөзмө-конгресстик долбоорунун башкы директору Виктор Линовицкий жана медицина тармагынын өкүлдөрү катышты.

“MedExpo Yug 2018” көргөзмөсү жалпы аянтта 8 өлкөдөн 35 катышуучу компанияны чогултту. Заманбап медицинада зарыл болгон жана талап кылынган өзүнүнүн жаңы технологияларын, акыркы иштелмелеринBTL, EVEX, DF DOSFARM, Dolce-Pharm, Planta, Santo аттуу чет өлкөлүк компаниялар көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий