• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто мекеме-уюмдардын арасында волейбол боюнча мелдеш башталды

Аймак 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Ош шаарында 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата мекеме-уюмдардын мырзалары арасында волейбол боюнча мелдеш башталды.

Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев мэрдин атынан келе жаткан майрам менен куттуктап, турнирдин катышуучуларына ийгиликтерди каалады.

Турнирдин катышуучулары үч профессионалдык топко бөлүнүшөт. Биринчи топко шаардагы мекеме-уюмдардын, анын ичинде билим берүү тармагынын, саламаттыкты сактоонун, күч түзүмдөрүнүн жана аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлери кирет. Экинчи топто жогорку жана орто атайын окуу жайларынын окутуучулары болсо, үчүнчү топту студенттер түзөт.

Турнирдин негизги максаты - республикалык жана эл аралык мелдештерге катышуу үчүн командаларды түзүү, сергек жашоого жана спортко үндөө, ошондой эле майрамдык маанай жаратуу болуп саналат.

Турнирге 37 команда катышууда. Мелдеш 21-22-февраль күндөрү өтөт.

Анын жеңүүчүлөрү Дене тарбия жана спорт комитетинин Ардак грамоталары, дипломдору, кубоктору, баалуу сыйлыктары менен сыйланышат.

Пикир

Оставить комментарий