• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ошто милиция кызматкерин сабаганга шектүү 4 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Ош шаарындагы түнкү клубдун алдында тергөөчүнү сабоого шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү Ош шаарындагы "Sky bar" түнкү клубдун алдында 1996-жылы туулган К.М.ны бейтааныш жарандар сабап кеткени боюнча маалымат түшкөн. Аталган билдирүү каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө сабалып ооруканага түшкөн жаран Ош ОИИБдин Кара-Суу РИИБнын Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү милициянын ага лейтенанты К.М. экендиги аныкталган. Анын денесиндеги жараатты аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ал эми окуя боюнча күбө катары эки милиция кызматкери суракка алынган.

Аталган окуяга тиешеси бар жарандарды аныктоо үчүн тийиштүү кызматкерлерге атайын тапшырмалар берилген. Ошондой эле бул боюнча Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында жогорудагы окуя боюнча шектүүлөр аныкталып, 4 жаран кармалды. Алар Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундары 2001-жылы туулган К.А., 2002-жылы туулган Т.У., 2003-жылы туулган А.А., жана Ош шаарынын тургуну 2001-жылы туулган К.Э.

Алар Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий