• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Ошто мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу курстары башталды

Коом 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Ош билим берүү институтунда 2024-2025-окуу жылына карата бекитилген жаңы графикке ылайык, мугалимдер үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстары башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, жаңы окуу жылында уюштурулуучу курстарда заманбап билим берүү технологиялары жана окутуунун жаңы ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулууда.

Быйылкы окуу жылындагы курстардын программасында окутуу процессинде жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, мугалимдерге инновациялык ыкмаларды колдонууга жардам берген жасалма интеллект, Сингапур окуу усулдары боюнча лекциялар кошулган. Муну менен катар «Алтын казык» программасы да тааныштырылууда.

Аталган институттун директору Гульмира Турдубаева билдиргендей, жаңы кошулган темалар боюнча кошумча лекциялар жана практикалык сабактар катышуучулардын тажрыйбасын кеңейтүү үчүн киргизилген. Анын айтымында курстарга катышкан мугалимдер билим берүү тармагындагы акыркы тренддер менен таанышып, сабактарында жаңы технологияларды пайдалана алышат.

Пикир

Оставить комментарий