Ошто "Муундар ортосундагы баарлашуу" аттуу эл аралык форум өттү

Маданият 0

Бишкек, 16.06.24. /Кабар/. Ош шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштары менен аксакалдарынын (улуу муундун) ортосундагы достук мамилелерди, кызматташтыкты жана түшүнүүнү бекемдөөгө багытталган “Муундар ортосундагы баарлашуу” аттуу форум өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара жаштар менен улуу муун ортосундагы жаштар саясаты, ишкердик жана IT-тармагында идея жана билим тажрыйба алмашууга багытталып, эки өлкөнүн президенттеринин демилгесинин алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана өнөктөштөр менен биргеликте уюштурулду.

Форумга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Өзбекстандын Анжиян шаарынын жаштар иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы К. Рустамбеков, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков, Ош мамлекеттик университетинин жетекчилиги, интелегенция өкүлдөрү жана жаштар катышты.

Форумдун алкагында пленардык отурумдар, панелдик дискуссиялар жана маданий иш-чаралар уюштурулду.

Мындай аянтчалардын түзүлүшү натыйжалуу соода мамилелерине, өнөктөштүк жана инвестициялар үчүн жаштарды тартуу, тынчтыкта жанаша жашоо жана жалпы өнүгүү маселелеринин маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктайт.

Пикир

Оставить комментарий