• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Ошто мыйзамсыз алмаштырган 6 жаранга айып салынды

Экономика 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Ош облусунда чет элдик валютаны мыйзамсыз алмаштырган 6 жаранга айып салынды Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, Улуттук банкынан лицензия албастан Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын жана "Кара-Суу" өткөрүү пунктунун аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын И.у.А., М.Ы.О., Б.А.Т., Р.Б.А., А.С.И., М.Ф.З. аттуу 6 жаранынын ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Пикир

Оставить комментарий