• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ошто мыйзамсыз берилип кеткен 16,3 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Ошто мыйзамсыз берилип кеткен 16,3 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ош шаардык соту мыйзамсыз берилген жер боюнча Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаарынын жана Ош аймактар аралык башкармалыгынын доо-арызын канааттандырды. Ага ылайык, 16 млн 335 миң сомго бааланган жерди мамлекетке кайтаруу чечими чыкты.

Тактап айтканда, жеке менчикке өтүп кеткен Курманжан-Датка көчөсүндөгү шаардык оорукананын аймагында жайгашкан мурдагы терапиялык бөлүмдүн имаратын жана алдындагы 726 чарчы метр жер тилкеси Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий