• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто республикалык "Мыкты мугалим жана тарбиячы" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында республикалык “Мыкты мугалим” сынагынын жеңүүчүсү №52 “Кыргыз-түрк достугу” лицейинин математика мугалими Нурсултан Акылбек уулун жана республикалык “Мыкты тарбиячы” сынагынын жеңүүчүсү №39 “Күн-Нуру” балдар бакчасынын тарбиячысы Гүлназа Туленбаеваны сыйлоо иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков катышып, мугалимдердин шаардын билим берүү тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымын, окуу программаларын ишке ашырууга чыгармачылык менен мамиле кылып жатканын белгилешти.

Жеңүүчүлөргө Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары жана Ош шаардык кеңешинин Ардак грамоталары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий