Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Ош облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө кечээ, 15-ноябрда саат 16:37де катталган. Жер титирөө Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Мады айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий