• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто октябрда заманбап калкты тейлөө борбору ачылат

Аймак 0

Бишкек, 19.08.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ош шаарында октябрь айында заманбап калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров Facebook’тагы түз эфир учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө калаадагы калкты тейлөө борборуна Араван жана Кара-Суу райондорунун тургундары келип жаткандыктан кезектер жаралып келет.

“Мындан улам Ош шаарында сентябрь айынын аягында заманбап жаңы калкты тейлөө борборун ачабыз. Учурда тийиштүү иштер жүрүп жатат. 1 миң 200 чарчы метрдик имаратка көчүп киребиз. Азыркы имарат эски болгондуктан электр энергия тармагында көйгөйлөр болуп келген. Ошондой эле унаалардын тыгыны жаралууда”, - дейт ал.

Мамбеткадыров жаңы калкты тейлөө борборундагы кызматтарга онлайн түрүндө кезекке туруу системасы киргизилерин кошумчалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий