• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ошто окумуштуу Нурмамат Турганбаевдин 60 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинде филология илимдеринин кандидаты, доцент, "Билим берүүнүн мыктысы" Нурмамат Турганбаевдин 60 жылдык мааракесине арналган илимий-чыгармачылык кече уюштурулду.

Окуу жайдан билдиришкендей, мааракеге жогорку окуу жайлардын илимпоз-аалымдары, Казакстан, Өзбектандын Кыргызстандагы элчилери, шакирттери, университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты. Алгач иш-чара Турганбаевдин бейнесин чагылдырган тасма менен башталды.

Жыйында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков маараке ээсин куттуктады. Өмүр жолу, жасаган эмгектери, илимдеги изденүүсү, табылгалары тууралуу баяндап, бир эле окумуштуу, педагог гана болбостон, сейрек кездешүүчү устачылык өнөргө жана музыкалык шык-талантка ээ инсан экенин белгиледи.

Иш-чарада Нурмамат Турганбаевдин бирге иштеген кесиптештери, шакирттери өрнөктүү өмүрү, чыгармачылык ишмердүүлүгү жөнүндө ойлорду айтып, куттуктоо жолдошту. Аккардеондун коштоосунда обондуу ырлар жаңырып, студенттердин куттуктоолору жаңырды.

Нурмамат Турганбаев кыргыз тил илимин изилдөөгө салымын кошуп келе жаткан окумуштуу катары белгилүү. Ал үч окуу куралдын, бир илимий монографиянын жана 60тан ашуун илимий макалалардын автору. Турганбаев ОшМУда окутуучу, улук окутуучу, доценттик кызматтарда эмгектенген. Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы кызматын аркалаган. Учурда Филология жана маданият аралык коммуникация институнда тил илими боюнча студенттерге билим берүүдө.

Пикир

Оставить комментарий