• 86.2
  • 91.64
  • 0.89

Ошто окуучулардын “Ак шумкар” аскердик-патриоттук мелдеши жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Ош шаарында жаш муундарга аскердик-патриоттук тарбия берүү максатында уюштурулган “Ак шумкар” сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

маалыматка ылайык, иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн ачылыш аземине Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, шаардык ички иштер башкармалыгынын баңги затына каршы күрөшүү бөлүмүнүн, шаардык билим берүү башкармалыгынын, шаардык аскер комиссариатынын, Ош гарнизонунун өкүлдөрү, аксакалдар катышты.

Ош шаардык Жаштар иштери боюнча комитети менен мэриянын Дене тарбия жана спорт комитети биргеликте уюштурган иш-чараларга шаардагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары катышты.

Жигиттер аскердик күжүрмөн даярдык, автоматтарды чачуу жана жыйноо, спорттук оюндар, кичи калибрлүү мылтыктардан атуу боюнча күч сынашты.

Мелдеш бир ай аралыгында шаардын бардык мектептеринде өткөрүлүп, финалдык бөлүгүнө 8 команда тандалып алынган.

Жыйынтыгы боюнча төмөнкү мектептер жеңүүчү деп табылды:

1-орун - №32 Ж.Мамытов атындагы мектеп

2-орун - №3 М.Ломоносов атындагы мектептин командасы

3-орун - №50 П.Нышанов атындагы мектептин командасы

3-орун - №16 мектептин командасы

Сынактын жеңүүчүлөрү Ош шаардык мэриясынын Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий