• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто ооруканалардан телефон уурдоого шектелип мурда төрт жолу соттолгон адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн оперативдүү кызматкерлери бир нече телефондорду уурдоого шектүү катары Кара-Кулжа районунун 38 жаштагы М.Ш., аттуу тургунун кармашты.

Шаардык милициядан билдиришкендей, шектүү өтө кылдаттык менен иштеген: бир уурулук жасаган жерине көпкө чейин кайрадан барбай, убакыт өткөрүп, кокустан пайда болуп уурулуктарды жасап изин жашырып жүргөн.

Шектүүнүн үстүнөн жыл башынан бери 15 арыз түшкөн. Арыздануучулардын баары Оштогу облустар аралык жана облустук балдардын ооруканасынын бейтаптары жана медициналык персоналдын өкүлдөрү болгон. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, кылмышка шектүү М.Ш., ооруканалардын палаталарына эрте менен саат 06:00дөр чамаларында кирип, адамдардын уктап жаткандыктарынан пайдаланып, столдордо кароосуз калган мобилдик телефондорун уурдап чыгып кетип турган. Бир нече ирет коридордогу медицина кызматкерлерининин телефондорун дагы уурдап үлгүргөн.

Шектүү мурда уурулук жасагандыгы үчүн төрт жолу соттолгон.

Учурда М.Ш., кармалып, Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторунда кармалууда.

Уурулук фактылары боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий