Ошто пахта заводунан өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Ош шаарында пахта заводунан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош көчөсүндө жайгашкан заводдун аймагынан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Өрт саат 13:02де чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий