• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Ошто Папан суу сактагычынын жээгине эскертүү белгилери орнотулду

Коом 0

Бишкек, 07.06.23. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычынын, Кыргыз-Чек жана Асан-Чек айылдары аркылуу агып өтүүчү каналдардын жээктерине, ошондой эле сел жүрүүчү аймактарга эскертүү белгилери орнотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, ошондой эле Кара-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан район аймагындагы Жаңы-Арык, Нариман, Кашкар-Кыштак, Отуз-Адыр, Төлөйкөн, Папан айыл өкмөтү жана Кара-Суу шаарында суу коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган аймактарда жайгашкан канал, дарыялардын жээгине, агын сууларга, көлдө сууга түшүү кооптуулугу боюнча жашоочуларга маалымат берилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий