Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери пиротехникалык каражаттарды саткан соодагерлер жана тез татым түйүндөрүн кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ведомстводон билдиришкендей, жаңы жылдык майрамга карата сатылып жаткан пиротехникалык каражаттарды жана тез татымдарды бышырып саткан жарандардын газ жана электр приборлорун пайдалануудагы коопсуздук эрежелерин сактоосу боюнча карап чыгышты.
Мындан сырткары, өрт коопсуздугун алдын алуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүүлөрдү беришти.
Пикир
Оставить комментарий