Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Ош шаарындагы М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде санариптештирүү боюнча жаштар форуму өттү, деп билдирет Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы.
Иш-чарага жогорку окуу жайлардын окутуучулары, студенттери жана аймактагы активдүү жаштар катышты.
Форумдун катышуучуларына бир катар маанилүү маалыматтар айтылды. Алардын ичинде:
- “Түндүк” мобилдик тиркемесин колдонуунун артыкчылыктары;
- булут электрондук кол тамганын маанилүүлүгү;
- өлкө аймактарын интернет менен камсыз кылууда "DCASA – КР" долбоорунун жетишкендиктери тууралуу.
Ошондой эле көргөзмө уюштурулуп, анда жогорку санариптик технологиялардын жетишкендиктери тууралуу презентациялар жасалды.
Иш-чара 19-апрелде Жалал-Абад шаарында өтөт.
Форумдун максаты — калктын, өзгөчө жаштардын арасында санариптик сабаттуулукту максималдуу түрдө арттыруу болуп саналат.
Пикир
Оставить комментарий