• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ошто сел агызып кеткен төрт тургунду 350 адам издөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Бүгүн Оштогу селдин кесепетинен дайынсыз болгон 4 жаранды издөөгө 350 адам тартылды. Анын 170и өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, 2 кинолог, суучул-куткаруучулар жана 180 адам жарандык коргонуу кызматтарынан.

ӨКМден белгилешкендей, алар 4 топко бөлүнүп иштеп жатышат: Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак эс алуу жайында, Ак-Буура каналынын түштүк-чыгыш тарабы (студенттер шаарчасы), Ак-Буура каналынын жээгиндеги Токтогул сейил багы жана Ош шаарынын борбордук базар тарабында.

Күн мурун кичинекей кыздын сөөгү Өзбекстандын Андижан шаарынын Шахронсой сайынан табылган болчу. Азыр эки кыз жана эки аял изделүүдө.

Белгилей кетсек, күн мурун Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын каптаган. Анын кесепетинен Төлөйкөн айылындагы "Мөл-Булак" эс алуу борборунда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү — 4 адамды жана базардан дагы бир аялды сел агызып кеткен. Алардын биринин сөөгү табылды. Мындан тышкары, соода күркөлөрүн жана унааларды агызган. Учурда издөө-куткаруу жана селдин кесепеттерин жоюу иштери күчөтүлгөн режимже уланууда.

Пикир

Оставить комментарий