• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ошто сел каптаган 800дөн ашуун турак үй тазаланды

Коом 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Ошто сел каптаган 800дөн ашуун турак үй тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Куткаруучулар селдин кесепеттерин жоюп, жабыркаган жарандарга турак жайларын селден келип чыккан ылай жана таштандылардан тазалоого жардам беришти.

Белгилей кетсек, 14-июлдагы нөшөрлүү жаандан кийин сел суулары Ош облусунун Кара-Суурайонунун Мады, Датка, Баш-Булак айыл аймактарындагы жана Ош шаарындагы жалпы 800дөн ашык турак үйгө, ондой социалдык объектке кирген.

Пикир

Оставить комментарий