• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ошто селге агып кеткен кыздардын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды

Коом 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Оштогу селден улам дайынсыз болуп жаткан эки кыздын сөөгү Өзбекстандын Андижан шаарынын Шахронсой сайынан табылды.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, 19 жаштагы Н.М. жана 10 жаштагы Н.М. аттуу кыздардын сөөгү саат 14:30да суудан табылып, коңшу өлкөнүн укук коргоо кызматкерлери тарабынан Андижан шаарына жеткирилген.

Буга чейин Ош шаарынын Катта-Терек участкасына жакын жерден куткаруучулар тарабынан аял кишинин сөөгү табылган. Учурда дагы бир аялды издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий