• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-февралда Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу иштери жана шайлоо өткөрүү боюнча алгачкы штабдын отуруму өттү. Түзүлгөн штабдын отурумуна Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, штабдын мүчөлөрү жана тиешелүү жетекчилер катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымакта ылайык, шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча шаар мэринин буйругу чыгып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Калаа башчысы 76 шайлоо участкасында шайлоочуларга толук шарт түзүлүшү керектигин, электр энергиясы, тийиштүү кызматтар менен толук камсыздалышы көзөмөлдө болоорун билдирди.

Ош шаардык милициясына шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти сактоо, шайлоо участкаларын кайтаруу, материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий