• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Ошто шахмат боюнча эл аралык турнир өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. 19-октябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде шахмат боюнча "Белая ладья" аттуу II эл аралык турнир болуп өттү.

Окуу жайдан билдиришкендей, иш-чара Э.Н.Миловидованын жаркын элесине арналып уюштурулуп, ага 220 шахматист катышты. Мында жобого ылайык балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша балдар жана кыздар арасында катышуучулар шахмат боюнча мелдеш курушуп, оюн 5 категориянын негизинде өткөрүлдү.

Турнир Кыргызстандагы Роскызматташтыктын Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Ош шаарынын жана Ош облусунун Шахмат федерациясы тарабынан уюштурулду.

Саамалык региондордун шахматчыларынын ортосундагы достук байланышын чыңдоо, аймактарда шахматты өнүктүрүүнү жайылтуу жана пропагандалоо, шахматчылардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу максатында жыл сайын уюштурулуп келет.

Пикир

Оставить комментарий