• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ошто социалдык-маданий мекемелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат

Аймак 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы бир катар социалдык-маданий мекемелердин абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, калаа башчысы “Лотос” үй-бүлөлүк балдар үйүндө болуп, анда жашаган балдар үчүн жаңы имарат куруу зарылчылыгы бар экенин белгилеп, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине келерки жылга долбоорду даярдоо боюнча тапшырмасын берди.

Ошондой эле Бакытбек Жетигенов К.Ташбаев атындагы шаардык китепканага барып, анын шарттары менен таанышып чыкты. Мында китепкана үчүн жаңы имарат салуу, китеп фондун бириктирүү боюнча алдыдагы жасалчу жумуштар боюнча сөз болду. Имараттын курулушун кийинки жылга киргизүү маселеси каралды.

Мындан тышкары, шаар башчысы алдыда оңдоп-түзөөдөн өтө турган Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын абалын да көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий