• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто спорттук шаарча курулат

Аймак 0

Бишкек, 6-июнь /Кабар/. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 5-июнда бир катар спорттук мекемелердин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, мэр Сай-Бою көчөсүндөгү жолдун жана велосипед жолунун, Ж.Шамшиев көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн, ФИФА футболдук академиясынын, бокс жана оор атлетика спорттук жатак мектебинин курулушу менен таанышты.

Шаар башчынын айтымында, объекттер бир жарым айдын ичинде ишке берилет.

“Келечекте спорттук шаарчаны курууну пландап жатабыз”, - деди мэр.

Белгилей кетсек, буга чейин спорттук интернатта аныкталган курулуш нормаларын жана эрежелерин сактабоо аракеттери мэрдин тапшырмасынан кийин толук оңдолгон. Жалданма компания объектке үч жылдык кепилдикке милдеттендирилди.

Спорттук интернат жана ашкана 50 орунга ылайыкташкан. Курулуштун жалпы аянты 2021 м2. Тендердик баасы – 18,9 млн сом. Мында спортчулар жашаганга 16 бөлмө, машыгуу залы жана окуу класстары бар.

Ал эми Ж.Шамшиев көчөсүндөгү көпүрөнүн узундугу 50 м жана туурасы 16 м, 3 м тротуары бар.

Сай-Бою көчөсүндөгү 2,3 км жаңы жолдун жана велосипед жолунун курулушу аяктаганы калды.

Шаар башчынын айтымында, мында шаарды жашылдандыруу жана жакшыртуу иштери жүрүп, заманбап жарык берүүчү жабдуулар орнотулат.

Жол курулушунун сметалык баасы – 87 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий