Ошто суу объектилеринде коопсуздук чаралары текшерилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Ошто суу объектилеринде коопсуздук чаралары текшерилүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучулары тарабынан шаар аймагында жайгашкан эс алуучу жайларда жана бессейндерде текшерүү, түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, эскертүү тактайчалары орнотулду.

Натыйжада суу коопсуздук эрежелерин жана башка нормаларды сактабаган эс алуучу жайлардын, бассейндердин кызматкерлерине, ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кемчиликтер боюнча эскертүүлөр берилди.

Коюлган кемчиликтерди аткарбаган учурда мыйзам чегинде чара көрүү каралары маалымдалды.

Түшүндүрүү иштери жайкы сууга түшүү мезгилинде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, сууга чөгүүнүн алдын алуу, өрт коопсуздук эрежелерин сактоо, жашы жете элек балдардын сууга чөгүүсүн болтурбоо максатында уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий